Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Акыйкатчы: Майыптардын коомдук унаага укугу бузулууда


Бишкек шаарында жашаган майыптардын коомдук унаа кызматынан пайдалануу укугу бузулууда. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчы билдирди.

Анын өкүлдөрү шаарда атайын текшерүү жүргүзгөндө троллейбустардын 18 пайызында гана майыптар үчүн шарт бар экени аныкталган. Ал эми автобус жана маршруттук таксилер боюнча абал "өтө оор" деп мүнөздөлдү.

Бирок, акыйкатчынын пикиринде, бул маселе жакын арада чечилиши күмөн. Себеби маршруттук таксини майыптар түшүүсү үчүн ыңгайлаштырууга 5 миң доллар талап кылынат. (RK)

XS
SM
MD
LG