Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу талкууланууда


Бүгүн Баткенде Көк-Таш- Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу талкууланууда. Ага облус, район бийликтери, жол куруучулар катышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлады.

Анын айтымында, Тажикстан тарап жол куруу боюнча 4 вариантты Кыргызстанга сунуштаган. Ал буга чейин элдин талкуусуна коюлуп, бир вариант жактырылган. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагына Ак-Сай айылын кыйгап өтүп, Тажикстандын Ворух анклавы менен Исфара шаарын бириктирген жол тажикстандыктар үчүн курулат. Ал эми кыргыз тарап Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун мурдагы долбоор боюнча курууну улантат.

“Бүгүн тажик тараптын бул компромисттик варианты талкууланууда. Жакынкы күндөрү жолдун курулушу жанданат деп атышат”, - деди кабарчыбыз.

Ушул жылдын 11-январында Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна чек ара тактала элек деген жүйө менен тажик тарап каршы чыгып, эки өлкө чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Ок атышуудан Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алган. Чырга себепчи болгон жол курулушу ошондон бери токтоп турат. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG