Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ысык-Атада жаштар ишембилик өткөрүүдө


Ушу тапта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы коктулардын биринде 60 чамалуу кыз-жигит ишембилик өткөрүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишембилик демилгечилеринин бири Канат Мурзабеков кабарлады.

“Бизде тоого чыгып эс алгандар көп. Бирок өкүнүчтүүсү, эс алып кайра кайтканда жеген-тамак ашынын калдыктарын, желим бөтөлкө сыяктуу таштандыларын ар жерге ыргытып баса беришет. Керемет жаратылышыбызды коргоо, туристтерди тартуу, ыктыядуу ишембиликти жаштар арасына жайылтуу максатында иш-чараны уюштурдук. Буга чейин да уюштуруп келгенбиз, мындан ары да улантабыз”, - деди Мурзабеков.

Иш-чарага жаштар интернет аркылуу байланышып, жолугушкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG