Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

“Азамат Алтай” фонду стипендияларын тапшырууда


Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фонду 500 доллар өлчөмүндө стипендиясын тапшырды. Ал эми ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго билим берүү илим тармагы, демократиялык башталыштарга, коомдук иштерге кошкон салымы үчүн аталган фонддун медалы ыйгарылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” фонд төрагасы Тойчубек Турганбаев билдирди. Стипендия Алтайдын көзү өткөндөн кийин экинчи ирет тапшырылууда.

- Ал көзү тирүү кезинде Каракол жана Жалал-Абад университетине 500 доллардан стипендия берип келген. Стипендиядан тышкары ЖаМУнун китепканасына китептер берилип, Азамат Алтай эскерилди, - деди Турганбаев.

Журналист Азамат Алтай «Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматын негиздеген. Ал 2006-жылы дүйнөдөн кайткан. (МТо/KMa)

XS
SM
MD
LG