Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Крымда массалык иш-чараларга тыюу салынды


Орусия тарабынан аннексияланган Крымдын лидери Сергей Аксенов 6-июнга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Анын айтымында, мындай чечим Украинанын чыгышындагы зордук-зомбулуктан улам кабыл алынды. Крым татарларынын өзүн өзү башкаруу органы – Межлис эртең Симферополдо депортациянын 70 жылдыгын эскерүүнү пландап атышкан. 1944-жылы 200 миңдей крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган.

Межлистин төрагасы Рефат Чубаров соңку токтомду “ырайымсыз аракет” деп атады. Төрага көпчүлүк крым татарлары тыюуга баш ийишпейт деп боолголойт.
Президент Владимир Путин кечээ Сочиде крым татарларынын өкүлдөрү менен жолугушууда Орусия алардын турмушун жакшыртат, бирок крым татарларынын келечеги Орусияга байланганын кабыл алуу керек деди.

XS
SM
MD
LG