Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:57

Украинада кырдаалды жөнгө салуу боюнча талкуу өтөт

Бүгүн Украинанын Харьков шаарында өлкө чыгышындагы кризисти жөнгө салууну талкуулаган тегерек үстөл өткөрүлмөкчү.

Жыйындын биринчи айлампасы 14-майда Киевде болгон. Ага өкмөттүн өкүлдөрү, мурдагы жетекчилер жана депутаттар катышууда. Бирок Украинанын чыгышында куралдуу козголоң баштаган орусиячыл жикчилер талкууга тартылган жок.
Бийлик жикчилер адегенде курал-жарактарын тапшырууга тийиш деп ырастоодо. Козголоңчулар болсо өкмөттүк аскерлер чыгыш облустарынан чыгарылмайынча, диалогго катышпасын айтышат.

Тегерек үстөл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жол картасына ылайык өткөрүлүүдө. Ал 25-майдагы президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү абалды жакшыртууну көздөйт.
XS
SM
MD
LG