Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Индия: Моди эл кызыкчылыгын көздөрүнө ишендирди


Делиде миңдеген киши Индиянын болочок премьер-министри Нарендра Модини тосуп алышты.

Анын улутчул "Бхаратия Жаната" партиясы жалпы шайлоодо жеңүүчү деп таанылды. Алдын ала санактарга караганда, 30 жылдан бери биринчи жолу бир партия парламентте көпчүлүктү түзмөкчү.

Моди бардык индиялыктардын кызыкчылыгында иш алып барарына убада кылды. Өлкө көз карандысыздык алгандан бери дээрлик бардык өкмөттү жетектеген Улуттук Конгресс жеңилип калды.

Партия лидери Соня Ганди жана уулу Рахул утулуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Модиге телефон чалып, жеңиши менен куттуктады.

Улутчулдардын бийликке келиши региондогу эки атаандаш өлкө ортосундагы чыңалууну күчөтөт деген кооптонуулар айтылып келген.

XS
SM
MD
LG