Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ливияда кайрадан салгылашуулар болду


Ливиянын чыгышында козголоңчулардын касташкан топтору ортосундагы кагылышууларда кеминде 20 киши набыт кетти.

Өздөрүн Ливиянын улуттук армиясы деп атаган аскерлер Бенгазиде жайгашкан бир нече исламчыл топту аткылашты. Өлкө бийлиги өкмөттүк армияга куралчан уюшмаларды өз көзөмөлүнө алуу буйругун берди. Алдыңкы күнү Бенин шаарынын айланасындагы салгылашуулардан улам жергиликтүү аэропорт жабылган.

Акыркы кездери Ливиянын чыгышында согушкерлердин өкмөттүк күчтөр менен кармаштары, жардыруулар, адам өлтүрүүлөр көбөйдү.

XS
SM
MD
LG