Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

“Ак Илбирс” 2013-жылдын мыкты кино ишмерлерин аныктады


Бүгүн “Манас” кинотеатрында “Ак Илбирс 2014” киносыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Сыйлыкка түрдүү категория боюнча 34 фильм ат салышып, финалдык турга 12си тандалып алынган. Алардын ичинен төмөнкү фильмдер жана кино ишмерлери мыкты деп табылды:

Мыкты толук метраждуу көркөм фильм “Салам, Нью-Йорк”, реж. Руслан Акун;
Мыкты кыска метраждуу көркөм фильм “Өтмөк”, реж. Руслан Акун;
Мыкты даректүү тасма “Мекеним Ала-Тоо”, реж. Эльнура Осмоналиева;
Мыкты актриса Калипа Үсөнова, “Кумар”;
Мыкты актер Артык Сүйүндүков, “Кумар”;
Мыкты режиссер Руслан Акун;
Кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошкон инсан Болот Шамшиев;
Мыкты оператор Акжол Бекболотов, “Көргүм келет”;
Мыкты үн режиссеру “Кумар”;
Мыкты композитор “Салам, Нью-Йорк”;
Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон фильм “Салам, Нью-Йорк”;
Мыкты сценарий “Салам, Нью-Йорк”;
Мыкты сүрөтчү Руслан Токочев, “Салам, Нью-Йорк”;
Мыкты монтаж “Салам, Нью-Йорк”;

“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгы Кыргызстандын улуттук киносунун деңгээлин, сапатын жогорулатуу жана улуттук кино тармагын өнүктүрүү максатында уюштурулуп, 2012-жылдан тарта өткөрүлүп келет. (МТо)

XS
SM
MD
LG