Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

АКШ Крым татарларына тилектештик билдирди


АКШнын Мамлекеттик департаменти жума күнү крым татарларынын депоратциясынын 70 жылдыгына карата билдирүү жасады.

Анда: өткөн чактын кылмыштары эстен чыга элек, андыктан Орусиянын оккупациясы жана Крымды мыйзамсыз аннексиялоо аракети эски жараларды козгоду, – делинет. 1944-жылы 200 миңден көп Крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган.

АКШнын тышкы мекемесинин баамында, Крымда болуп жаткан укук бузуулардын тизмеси күндөн күнгө өсүүдө. Крым татарларынын жана башка элдердин өкүлдөрүн уурдоо, өлтүрүү, уруп-сабоо көнүмүш практикага айланды. Крым татарларына кол салуулар болууда. Аларга өз тилинде сүйлөөгө уруксат берилбей жатат. Ал эми жамааттын лидери Мустафа Жемилевге 5 жылга мекенине кайтууга тыюу салынды.

Крым татарларынын жамаатына жаңы кооптонуу туулуп жаткан кезде Вашингтон алар менен өз тилектештигин билдирет, - деп белгиленет Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө. Ошондой эле АКШ Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун тастыктады.

Жума күнү Крымдын орусиячыл лидери Сергей Аксенов 6-июнга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Анын айтымында, мындай чечим Украинанын чыгышындагы зордук-зомбулуктан улам кабыл алынды. Крым татарларынын өзүн-өзү башкаруу органы – Межлис эртең Симферополдо депортациянын 70 жылдыгын эскерүүнү пландап аткан. Межлис төрагасы Рефат Чубаров соңку токтомду “ырайымсыз аракет” деп атады. Төрага көпчүлүк крым татарлары тыюуга баш ийишпейт деп боолголойт.

XS
SM
MD
LG