Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип жатат


"Баатыр эне" ордени.
"Баатыр эне" ордени.
Энелер күнүнө арналган иш-чаралар 16-майдан бери уланууда. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев жети жана андан көп баласы бар 3434 аялга “Баатыр эне” орденин, алты баласы бар 638 энеге “Эне даңкы” медалын ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койгон.

2012-жылдан тарта өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. быйыл бул майрам Кыргызстанда үчүнчү ирет белгиленүүдө.

Бул күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында апалардын урматына көргөзмө, концерт, чыгармачылык кечелер жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. (SE)

XS
SM
MD
LG