Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Аба ырайы


Кыргызгидромет 19-майдан 22-майга Кыргызстандын аймагында аба ырайы чукул өзгөрүп, катуу нөшөр болоорун эскертет.

19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн аягында өткүн өтүшү, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус болот.

XS
SM
MD
LG