Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Балкандагы сел каптоодон 44 адам набыт болду


Балкандагы ири сел каптоонун кесепетинин курмандыктарынын саны 44 адамга жетти. Алардын жыйырма жетиси Босниядан, он алтысы Сербиядан жана бирөө Хорватиядан экени такталды.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич бир эле Обреновац шаарында 12 адам каза тапканын билдирди. Миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бир нече күн катары менен тынбай жааган жамгыр дарыялардын нугунан чыгышына алып келген.

Босниянын бийлиги сел каптоонун кесепетинен жерлер көчүп, 90-жылдардагы согуштан калган мина талаалар кыймылга келиши мүмкүн деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG