15-майдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык кармап отурган Абдулла Юсупов жана Дастан Оморов туугандары менен жолугуштурууну талап кылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын жактоочусу Токтайым Үмөталиева билдирди.
Анын айтымында, эки жылдай убакыттан бери Юсупов да, Оморов да жакындары менен жолугушкан эмес. Мыйзамга ылайык, үч ай сайын көрүшүп турууга уруксат.
Ачкачылык акциясы боюнча азырынча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан да, №1 тергөө абагынын жетекчилигинен да комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Абдулла Юсупов жана Дастан Оморов 2010-жылкы бийлик алмашуу учурундагы талап-тоноочулук боюнча күнөөлөнүп камалган.
Юсупов катышкан чырдан №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков 4 жылга кесилип, Жаза аткаруу кызматынын мурунку башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге кылмыш иши козголгон. (SE)