Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Нарында 30 адам тамак-аштан ууланды


Нарындын Куланак айылында 30 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага түшкөнүн облустук оорукананын жугуштуу ооруулар бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган айылдын тургуну 13-майда өз үйүндө Куран окуткан. Ал айыл тургундарын чакырып, дасторкон жайган.

Коноктор үйлөрүнө тараган соң өздөрүн жаман сезип дарыгерге кайрылган. Натыйжада 30 адам тамактан ууланганы дайын болуп, облустук ооруканага жаткырылды. Учурда тиешелүү анализдер алынып, уулануунун себеби аныкталып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG