Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Бишкекте мыйзамсыз жер тилке бөлүү боюнча 57 иш козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардык прокуратура борбордогу курулуш үчүн берилген жер тилкелери боюнча атайын текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында, жер мыйзамын бузгандарга 71 эскертүү берилип, 57 кылмыш иш козголду. Алардын 25и сотко өттү.

Башкы прокуратура борбордогу курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча текшерүүлөр уланарын маалымдады.(BkA)

XS
SM
MD
LG