Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Тажикстан: Иран жараны түрмөдөн качам деп жарадар болду


Ирандык жаран Тажикстандын Яван түрмөсүнөн качмак болуп жатканда кароолдор аткан октон жарадар болду. Абак жайларды көзөмөлдөө башкармалыгын атын атабоону өтүнгөн жооптуу кызматкеринин “Азаттык” радиосуна айтышынча, Мехди Камбари түрмөдөгү катаал шартка чыдабай, Душанбедеги Иран элчилигине жетип, даттанмак болгон. Яван түрмөсү Душанбеден 54 чакырым түштүктө.

Иран элчилиги Тажик бийликтеринен 16-майдагы окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат күтүп жатканын билдирди. Мехди Камбари Тажикстанга мыйзамсыз киргени үчүн үч жылга кесилип, абакта отурганына сегиз айдын жүзү болгон.

XS
SM
MD
LG