Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Өзбекстан: Түрмөдөгүлөр туугандарын көрө албай жатат


Өзбекстандагы чоң түрмөлөрүндө арестанттардын туугандарынын келүүсү жана түрдүү заттарды алуусу токтотулду. Өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө камакта отурган бир нече адамдын туугандары дээрлик бир айдан бери жакындары менен не кездеше, не аларга белек-бечек бере албай жатышканын 19-майда “Азаттык” радиосуна айтышты. Кээ бирөөлөргө түрмөнүн коноктор менен кездешүүчү бөлмөлөрү оңдолуп жаткандыктан убактылуу карантин болууда деп түшүндүрүлгөн.

Өзбекстандын абак жайларды көзөмөлдөө башкармалыгы анын жүйөсү жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

Ташкентте жайгашкан адам укугун коргоочу “Боорукердик” (Изгулик) уюмунун өкүлү Абдурахман Ташанов “Азаттыкка” арестанттарды туугандары менен көрүштүрбөө Өзбекстандын мыйзамдарына жана Ташкенттин эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деди.

XS
SM
MD
LG