Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Путин Украина чек арасындагы аскерлерин кайтууга буйруду


Президент Путин Украинага чектеш үч аймактагы маневрга катышкан орусиялык аскерлерге өз бөлүктөрүнө кайтууну буйруду. Кремль 19-майда жарыялаган билдирүүдө аскерлер Ростов, Белгород жана Брянск облустарында мурда пландалган жазгы машыгууларга катышканы айтылат.

Бирок Рейтер агенттиги НАТОнун аскерий офицерине шилтеп, үч аймакка топтолгон 40 миң аскер ордунан жылганын тастыктаган эч кандай жышаана жок экенин кабарлады. Ошол эле учурда Кремлдин өкүлү ырасмий Киевди өлкө чыгышындагы аскерий операцияларды токтотуууга жана ал жактан жоокерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын чек арасында аскердик машыгуу өткөрүп, Украинанын чыгышындагы кырдаалды курчутууда деп сындаган.

XS
SM
MD
LG