Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Расмуссен Украинадагы абалга өз баасын берет


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен 19-майда Брюсселде кабарчылар менен кездешет. НАТО Орусияны Крымды аннексиялап алды, Украинанын чыгышындагы кырдаалды деэскалациялоо үчүн тийиштүү кадамдарды жасабады деп сындаган. Апрелдин ортосунан бери Чыгыш Украинадагы бир нече шаар орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө. Расмуссен буга чейин Украинадагы кризис НАТОнун “ойноо эрежесин өзгөрткөнүн” айтып, Орусияны кырдаалды деэскалациялоодо өнөктөш эмес, душман катары аракеттенди деп сындаган.

18-майда Крым татарлары ата журтунан Сталиндик бийлик тарабынан көчүртмө болушунун 70 жылдыгын белгилешти. Симферополдун четиндеги мааракеге катышкан 10 миңдей адам “өз алдынчалык” деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Симфереполдо полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, эки тик учар эскерүү аземине абадан көз салып турду.

XS
SM
MD
LG