Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ливия парламентине чабуул жасалды


Мыкты куралданган адамдардын тобу 18-майда Ливия парламентине чабуул койду. Ливия армиясын таштап кеткен генерал Халифа Хафтар парламентке чабуулду эскичил исламчыларды бийликке келтирбөө үчүн ага ишенимдүү адамдар жасаганын билдирди. Генерал Хафтардын айтымында, мыйзамсыз парламент жаңы Конституцияны жазуу үчүн бийликти токтоосуз жакында шайланган 60 мүчөлүү Кеңешке өткөрүп бериши керек.

Ливиянын утурумдук өкмөтү парламентке кол салууну сындады жана генералдын тарапкерлеринин билдирүүсүн таназарына албасын эскертти. Талдоочулар генералдын опузасы үч жыл илгери Муаммар Кадафинин диктатурасы кулатылгандан кийин аскерий топтор үстөмдүк кылган өлкөнү дагы жиктейт деп боолгошот.

19-майда Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаардык аэропортун белгисиз бирөөлөр “Град” ракетасынан аткылашты.

XS
SM
MD
LG