Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

“Түндүк электронун" жетекчилерине айып тагылды


2014-жылдын феврал айында кылмыш иш козголгон “Түндүкэлектро” ишканасынын жетекчилерине айып тагылганын бүгүн УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишкананын коммерциялык директору Кадырбек Темирканов, коммерциялык бөлүмдүн жетекчиси Аскар Көлчаев, Сокулук району боюнча башчысы Жанболот Болоталиевге Кылмыш кодексинин “Ишенип тапшырылган мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу” жана “Коммерциялык уюмдагы кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам УКМК аталган кызматкерлерди кызматынан тергөө бүткөнчө бошотуу боюнча токтом чыгарып, “Түндүк электро” ишканасына жөнөттү.(BkA)

XS
SM
MD
LG