Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Ош шаар бийлиги көпүрө куруу үчүн каражат сурады


Ош шаардык бийлиги калаадагы жаңы көпүрөнүн курулушун бүткөрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат сурады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйында билдирди. Кадырбаевдин айтымында, учурда курулушу токтоп турган көпүрөнү толугу менен бүткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 40 миллион сом каралды. Бирок бул каражат жетишсиз. Ошондуктан калаа мэри көпүрөнү бүткөрүү үчүн депутаттардан республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүп берүүнү суранды.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Бирок Мырзакматов кызматтан кеткен соң, бул курулуш токтоп, мыйзам бузууга байланыштуу кылмыш иш козголгон. Ош шаарынын жаңы бийлиги көпүрөнүн долбоорун кайрадан иштеп чыгып, анын жалпы наркы 200 миллион сомдун тегерегинде бааланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG