Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Кытай Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушуна каршы эмес


Кытай Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу планын эгемен өлкөнүн чечими катары сыйлайт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Шанхай шаарында билдирди. Абдылдаевдин айтымында, Бажы биримдигине мүчө Казакстан, Орусия, Беларус Кытай менен ар тараптуу алакаларын өөрчүтүп жаткан кези. “Ошондуктан бул маселеде проблема чыкпайт”, - деп ишендирди министр.

Ушул күндөрү президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Сапар жүрүшүндө Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен жолукту. Мындан сырткары кыргыз президентинин Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуу кеңешинин жыйынына катышаары күтүлүүдө.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG