Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

“Бишкек – ислам маданиятынын борбору” өнөктүгү башталат


Бүгүн борбор калаада “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” өнөктүгүнүн расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Өнөктүк аталган министрлик жана Бишкек мэриясы тарабынан эл аралык Ислам кызматташтык уюму – ИСЕСКОнун колдоосунда уюштурулуп жатат.

Бүгүн Улуттук опера жана балет театрында ИСЕСКОго мүчө өлкөлөрдөн келген коноктор менен жолугушуу өтөт. Мамлекеттик тарых музейинде Меке жана Мадина шаарларынын макеттери коюлуп, ислам дининин маданиятына таандык буюмдардын көргөзмөсү болот.

Ислам кызматташтыгы уюмуна калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 57 мамлекет мүчө. Буга чейин Баку, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарлары ислам маданиятынын борбору аталган. Бишкектен соң бул диний-маданий эстафета Алматы шаарына өткөрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG