Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Ирактагы шайлоодо премьер Маликинин блогу жеңди


Ирактагы парламенттик шайлоодо премьер-министр Нури ал-Малики жетектеген шииттер коалициясы чоң ийгиликке жетти. Көз карандысыз жогорку шайлоо комиссиясы 19-майда Малики башында турган "Мыйзамдуу мамлекет" блогу 328 орундуу парламентте 92 мандатка ээ болгонун жарыялады.

Андан кийинки эле орундарды да шиит саясатчылары ээлеп турат: Диниятчы Муктада ас-Садр башында турган топ 28, дагы бир бараандуу саясатчы Аммар ал-Хаким жетектеген топ 29 мандат алышты.

Эми Малики жаңы өкмөттү куруу үчүн башка партиялар менен коалицияга барыш керек.

Ирактагы парламенттик шайлоо 30-апрелде өткөн.

Бул 2011-жылы өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийинки биринчи парламенттик шайлоо. Анда 328 орун үчүн 277 саясий топтун 9 миң талапкери ат салышты.

XS
SM
MD
LG