Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Жумгал сотундагы чырга байланыштуу Ак үй жанында пикет өтөт


Нарындын Жумгал райондук сотунда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындары бүгүн Ак үйдүн жанына нааразылык акциясына чыгышат. Алар камалган туугандарын бошотуу жана облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисине чара көрүү талабын коюшмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Дамира Садырбаева билдирди.

Былтыр декабрда Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан кезде жабыркаган тарап темир тордогу cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционер табыла элек.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини камакка алган. Өткөн жумада аларды бошотууну талап кылган 30дай аял Жумгалда беш күн ачкачылык жарыялашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG