Тартип коргоо органдарынын кезектеги координациялык кеңешинде мекемелерде жана жергиликтүү бийликтерде жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы аракеттер талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын бүгүн Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында өтөт. Анда негизинен 2014-жылга карата коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча координациялык кеңешменин эксперттер тобунун планы каралат.
Жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев катышат. Жарандык коомдон Калича Өмүралиева, Нурбек Токтакунов жана башка өкүлдөр чакырылган.
Антикоррупциялык иштер боюнча энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымат беришет.
Өткөн жылкы ушул өңүттөгү жыйында аткарылган иштерди көзөмөлдөөчү эксперттик кеңеш түзүлгөн. Анын төрагалыгына Кайрат Осмоналиев шайланган. (SE)