Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Чүйдө өрт чыккан турак үйдөн 64 адам эвакуацияланды


Өрт чыккан үй. 2014-жыл, 20-май.
Өрт чыккан үй. 2014-жыл, 20-май.
Чүй районундагы Искра айылында жайгашкан 2 кабаттуу жыгач үйдө өрт 20-майга караган түнү саат эки чамасында башталган. Кооптуу абалга байланыштуу 3 үй-бүлө ошол жерге жакын №61 лицейдин имаратына, 13 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө жайгашты. Жалпысынан 64 адам башка жакка көчтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлагандай, өрт өчүргүчтөр тилсиз жоонун жайылышын таңкы саат 4:30га жакын токтотту. Учурда өрттү толук өчүрүү аракети жүрүп жатат.

Кырсыктын себептери такталып жатат. Өлгөндөр же жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. (SE)

XS
SM
MD
LG