Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстанда Ислам изилдөө илимий институту ачылды


Аталган көз карандысыз институт Кыргызстандагы окумуштуулардын, окутуучулардын, эксперттердин жана исламды изилдөөгө кызыккан коомдун бардык өкүлдөрүнүн башын бириктирген өз алдынча уюм болмокчу. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган институттун директору Маметбек Мырзабаев билдирди.

20-майда Бишкекте анын ачылышы жана биринчи жыйыны өтүүдө. Анда диний чөйрөдөгү радикализмге жана экстремизмге каршы туруу, өлкөдөгү диний кырдаал, саясий ислам, укук коргоо органдары менен дин өкүлдөрүнүн өз ара кызматташтыгы сыяктуу проблемалар боюнча сунуш-пикир айтылып, талкуу жүрүүдө. Жыйынга мамлекеттик жана диний органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана ислам таануучулар катышууда.

XS
SM
MD
LG