Бишкекте мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча координациялык кеңешме өтүп жатат. Ага премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, күч органдары жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда.
Жыйында Баш прокурор Аида Салянова маалымат берди. Анын айтымында, былтыр энергетика тармагындагы коррупция боюнча 17 кылмыш иши козголгон. Жалпы чыгым 57 миллион сом деп бааланган. Анын 3 миллион сому мамлекетке кайтарылды. Ал эми быйылкы жылдын 5 айында 6 кылмыш иш козголуп, 35 миллион сом чыгым келгени дайын болду. (BkA/EBM)