Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Жумгалда камакка алынгандардын жакындары Бишкекте акция өткөрүүдө


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында Нарындын Жумгал райондук сотунда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындары акция өткөрүүдө. Акцияга чыккан 10го жакын адам камактагы өз жакындарын бошотуу талабын коюп жатат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционер ушул күнгө чейин табыла элек.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини камакка алган.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG