Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Сариев: Бажы биримдигинин зыянынан пайдасы көп


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештеги Бажы биримдиги боюнча парламенттик жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин пайдасы жана зыянын анализдеп чыкты.

- Чынын айтканда, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсек да, кирбесек да бир топ кыйынчылыктар күтүп турат. Бирок бул уюмга кошулбай калган учурдагы кыйынчылыктар, кирген учурдагы кыйынчылыктардан көп болоору белгилүү болду. Эгерде биз кирбесек, Кытай менен болгон тышкы сооданын көлөмү кескин кыскарат. Анткени, Кыргызстандын Кытайдан алып келген товарлар Бажы биримдигине мүчө болгон Орусия жана Казакстанга кайра экспорттолот, - деди Сариев.

Муну менен катар Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеген учурда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экенин кошумчалады. Министр Бажы биримдигине кирген учурда ага мүчө өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, күйүүчү май, курулуш материалдарынын арзандашына, миграциялык тармакка оң таасирин тийгизерин да белгиледи.(BkA)

XS
SM
MD
LG