Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Атамбаев Кытай сапарына канааттанды


Президент Алмазбек Атамбаев Шанхайда уюштурган маалымат жыйынында Кытайдагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын жогору баалап, ортодогу бардык маселелер оңунан чечилгенин билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстандын дагы бир олжосу - Кытайдын тез арада жардам берүү боюнча кабыл алган чечимдери болду.

Бишкектеги жолдорду оңдоп-түзөөгө 30 миллион доллардан ашык каражатты Кытай кайтарымсыз берери тууралуу келишимге тараптар жекшембиде кол коюшкан. Андан сырткары Кыргызстанга 50 миллион доллар грант да берилээри кабарланды.

Президент Атамбаевдин маалымат жыйынында билдиргенине караганда, түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун экинчи фазасын куруу боюнча 300 миң доллар жеңилдетилген насыя алуу маселеси азырынча чечиле элек. Кытай тарап буга чейин Токмоктогу кагаз-картон заводуна берген 15 миллион долларды убагында төлөөнү талап кылууда деп кошумчалады Атамбаев.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG