Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Украиналык ири ишкер Донбасс элин жикчилдерге каршы күрөшкө чакырды


Украиналык олигарх, “Систем Кэпитал Менеджмент” холдингинин ээси Ринат Ахметов Донбасстагы ишканалардын жумушчуларын өзүн "Донецк Элдик республикасы" деп атап алган аймактын “бийлигине” каршы көтөрүлүшкө чакырды.

Донбасстын көчөлөрүндө элдин ачык эле куралчан жүргөндүгү, мародерлук, уруп-тоноо күчөп жатканы Ахметовдун кыжырына тийүүдө. Анын мындай билдирүү жасашына Донецк темир жол башкармалыгынын жана Мариупол шаарынын сепаратисттердин карамагына өтүшү түрткү болгон.

Дүйшөмбү күнү 50 миңдей шаардык “тынчтык митингине” чыгууну көздөгөн. "Донецк элдик республикасынын" бийлиги аларга каршы пулеметторду даярдап жатат деген кептер чыкканда токтотууга мажбур болушкан.

Ахметов бардык эмгек жамааттарын ишти токтотуп, алдын ала эскертүү белгисинен кийин митингге чыгууга үндөдү. Ишкер мындай көтөрүлүштөр аймакта тынчтык орнотулмайынча улантыла берээрин айтты.

XS
SM
MD
LG