Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Атамбаев: Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга аргасыз


Бул тууралуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдагы сапарынын жүрүшүндө журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулбоодон башка жолу жок. Бирок Атамбаев өлкөнүн бул биримдикке кошулуусу боюнча “жол картага” ушул май айынын аягында кол коюлары белгисиз экенин кошумчалады.

- Биздин өлкө үчүн коркунуч, тобокелчилик жарата турган маселелер азайтылып, курчуп кетиши мүмкүн делген жагдайлар эске алынмайынча андай документке кол коюлбайт - деп ишендирди Атамбаев.

Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын чечимин 29-майдагы Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекет башчылардын Астана саммитинде жарыялоо ыктымалдыгын билдирген болчу.(BkA/VD)

XS
SM
MD
LG