Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Милиция кармап кеткен активисттер бошотулду


Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” уюмунун мүчөсү Бурул Макенбаевага карата “кылган ишинде кылмыштын белгилери жок” деген чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Макенбаева өзү кабарлады. Уюмдун дагы башка мүчөлөрүнө эскертүү берилип, бошотулду. Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго карата сот чечими азырынча чыга элек, кеңешме жүрүп жатат.

Бүгүн эртең менен Бажы биримдигине каршы акцияга чыккан 6 активистти милиция кармап кеткен. Аларга Административдик кодекстин "күч кызматкерлерине жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө" беренеси боюнча айып тагылган.

Милиция активисттерди “акция тууралуу тиешелүү органдарга кеч кабар берген” деп күнөөлөп жаткан эле. Ал эми активисттер муну акцияны үзгүлтүккө учуратуу максатындагы өкмөттүн аракети катары баалап жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG