Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Орусиядагы поезд кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Москвага жакын аймакта 20-май күнү эки поезддин кагылышынан 6 адам курман болуп, 45 жүргүнчү жараат алган. Адистер алардын он бешинин абалы оор экенин айтууда.

Жүк ташуучу поезд менен жүргүнчү ташыган поезд түштөн кийин Бекасово жана Наро-Фоминск шаарларынын ортосунан кагылышкан.

Кырсык боюнча кылмыш иши ачылып, себептери изилденүүдө.

Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Москвадан Кишиневду көздөй бараткан.

XS
SM
MD
LG