Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жаза аткаруу кызмат өкүлү жаңжалдашканы үчүн жумуштан четтетилди


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментинин штаб жетекчиси Мурат Аманкулов коомдук жайда бирөөлөр менен жаңжалдашканы жазылган тасмадан улам жумуштан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлады:

- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин буйругу менен окуя боюнча атайын комиссия түзүлдү. Иликтөө иштери соңуна чыккан соң Аманкуловго тийиштүү чара көрүлөт.

Эки күн мурда интернетке жайылган тасмада полковник Аманкулов бирөөлөр менен чатакташып, аларды опузалаганы, ыплас сүйлөгөнү жазылган. Маалыматка ылайык, видео 18-май, жекшемби күнү тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG