Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Токмокто мыйзамсыз иштеген кытайлык жарандар аныкталды


Токмоктогу мунайды кайра иштетүү заводунун курулушунда 140тан ашык Кытай жарандары мыйзамсыз иштеп жүрөт. Бул тууралуу УКМК, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен «Кырк чоро» уюму биргеликте уюштурган рейд учурунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, аталган заводдо 29 кытайлык жаранга эмгектенүүгө уруксат берилген. Бирок иш жүзүндө 170тен ашык кытайлык иштеп жүргөн. Буга байланыштуу каттоосуз жүргөн кытайлыктар боюнча протокол түзүлүп, эскертүү берилди.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараткан маалыматка караганда, былтыр 12 990 чет элдик жаранга өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилсе, анын 67 пайызын кытайлыктар түзөт. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG