Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Кыргыз-тажик алакасын бекемдөөгө арналган иш-чара өттү


Баткен облусунун Үчкоргон айылында Кыргызстандагы быйылкы “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жана Тажикстанда белгиленген “акын Нуридин Абдрахмандын 600” жылдыгына карата илимий конференция болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандагы тажиктердин “Рудаки” атындагы коомдук бирикмесинин президенти Равшан Сабиров билдирди. Үчкоргондогу тажик тилдүү мектепте өткөн иш-чарага президенттин кеңешчиси Бектемир Мурзубраимов, парламент депутаттары жана тажик диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Конференцияда кыргыз-тажик мамилесин бекемдөө жана чек арадагы ынтымактыкты орнотуу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын аймагында азыркы кезде 50 миңден ашык тажик улутундагы жарандар жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG