Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Футбол: Кыргызстан Мальдив аралдары менен беттешет


21-майда “Азия чакырык кубогунун” финалдык оюндарынын экинчи чечүүчү беттешүүсүндө Кыргызстандын курамасы талаа ээлери Мальдив аралдарынын командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 10до болот. Мелдеш Мале шаарынын Улуттук стадионунда өтөт.

Бүгүн Бишкек мэриясы кыргызстандык футболчулардын оюну шаардагы “Ататүрк” паркындагы экрандан көрсөтүлөрүн билдирип, шаардыктарды чакырууда.

19-майда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Палестина менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган.

Эми кыргызстандык футболчуларга Мьянма жана Мальдив аралдарынын командаларын утса гана жарым финалда ойноого жол ачылат. (КМа)

XS
SM
MD
LG