Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Кыргызстан Тажикстандан электр кубатын сатып алат


Кыргызстан Тажикстандан 600 миллион кВт/саат электр кубатын сатып алат. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка караганда, электр кубатын сатып алуу боюнча келишимге аталган ишкана жетекчилери менен Тажикстандын «Барки точик» ишканасынын жетекчилери 14-майда Дүйшөмбүдө кол коюшту. Келишимге ылайык, электр кубатынын 1 кВт/сааты 2 центтен сатып алынмакчы. Мындай кадамга энергетиктер өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычындагы суу аз топтолгонунан улам барышканын билдиришүүдө.

Расмий маалымат боюнча, ушу тапта Нарын дарыясындагы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард кубду түзүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз.(BkA)

XS
SM
MD
LG