Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

21-23-майда Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-майда түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде 0…-2 үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайы:


22-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус болот.

XS
SM
MD
LG