Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Британ ханзаадасы Путинди Гитлерге салыштырды


Британ ханзаадасы Чарльз орус президенти Владимир Путинди нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлерге салыштырды.

Британиянын Daily Mail гезити жазгандай, 19-майда ханзаада Канаданын Галифакс шаарындагы "Миграция музейине" барган. Ал жактан музейдин 88 жаштагы ыктыярчысы Мэриен Фергюсон менен таанышкан.

Фергюсон Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда 13 жашта болгон. Анын үй-бүлөсү Польшанын Гданьск шаарынан Канадага качкан.

Мэриен Фергюсон журналисттерге ханзаада Чарльз аны менен сүйлөшүп жатып “Путин азыр Гитлерди кайталап жатат” - деп айтканын билдирген.

Чарльздын чөйрөсүндөгүлөр ханзааданын айтканын талкуулоодон баш тартып, Фергюсон менен жеке баарлашуу болгонун айтышты.

Британ тагынын мураскери Путин менен 6-июнда Францияда жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG