Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Баррозу: Киев Орусияга карызын төлөйт


Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу Орусиянын президенти Владимир Путинге жолдогон катта Украина газ боюнча кеңешмелерди өткөрүп жаткан маалда көгүлтүр отун менен камсыздап турууну өтүнөт.

Катта Киев орустарга газ карызын төлөөгө даяр экендиги дагы айтылат. Ошондой эле Баррозу Украина, Орусия, Евросоюз ортосунда үч жактуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн зарылдыгын, Украина келечекта ала турган газдын баасы базар баасынын деңгээлинде болушу керектигин белгиледи.

Ушул жылдын февраль айында Янукович бийликтен кеткенден кийин «Газпром» Украинага сатылган газдын баасын 268 доллардан 485 долларга чейин көтөргөн. Киев болсо орустардын баасы өтө эле жогору экенин айтып, Орусия сүйлөшүүдөн баш тартса Стокгольмдагы эл аралык арбитражга кайрыларын айтты.

XS
SM
MD
LG