Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Нигерияда куралдуу чабуулдарда 30дан ашуун киши набыт болду


Нигериянын түндүгүндөгү Чибок шаарынан жанында исламчыл «Боко Харам» тобунун эки күндүк чабуулунан кеминде 30 киши жантаслим болгонун жергиликтүү тургундар билдирди.

Биринчи чабуул дүйшөмбүдө Шава кыштагыгында болсо, шейшембиде куралчандар коңшу Алагарно кыштагына кол салышкан. Куралчандар үй-жайларды тоноп, эптеп баш калкалоого аракеттенген тургундарды аткылашкан. Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу болгон райондордо жүргөн куралчандарга каршы аскерлер эч кандай чара көрүшкөн жок.

Чибок шаарында 14-апрелде "Боко Харам" тобунун мүчөлөрү 276 кызды мектептен уурдап кетишкен. Алардын 223 дагы деле барымтада. Кечээ бийликтер Нигериянын түндүгүнө киргизилген чукул кырдаал режимин дагы жарым жылга узартты.

XS
SM
MD
LG