Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Тажикстан четте согушка катышкан жарандарын жазалайт


Тажик парламенти Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизди, ага ылайык чет өлкөдө куралдуу жаңжалдарга катышкандар кылмыш жазасына тартылат. Эгер тажик жарандары башка өлкөлөрдөгү куралдуу топторго аралашса, алар ошол согушкан өлкөлөрдөгү мындай кылмыштар үчүн чегерилген жазага тартылат.

Тажикстандын юстиция министринин орун басары Абдуманон Холиков "Ааттыктын" тажик кызматына мыйзам “Сирияга кетип жаткан тажик жарандарын токтотуу үчүн" кабыл алынганын айтты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандары Сирияда Башар Асаддын режимине каршы согушуп жүргөнү маалым. Буга чейин Сириянын согуш талааларында төрт тажик жараны өлгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG