Сербия жана Босния бийликтери өткөн аптадагы сел каптоонун чыгымын санай баштады. 49 адамды апаат кылган табигый кырсык болжолдуу түрдө миллиард евродон көп зыян келтиргени айтылып жатат.
Акыркы жүз жылдагы эң катуу селден Босния, Сербия жана Хорватияда 150 миң адам башка жакrа көчүүгө аргасыз болду.
Өткөн жумада тынбай нөшөрлөп жааган жаан дарыяларды нугунан чыгарып, турак жайларды суу каптап кеткен.
Босния-Герцеговина бийлиги апаат келтирген зыян 1992-95-жылдардагы согуш мезгилиндегиден да көп болушу ыктымалдыгын билдирди.
Ташкын болгон жерлерде Евробиримдикке мүчө 19 мамлекеттин куткаруучулары иштеп жатат. Жапа чеккендер үчүн биримдиктин атайын фондунан каражат бөлүнөт.