Чүй облусунда өсүпүрүмдөр менен иштеген милициянын аймактык тескөөчүлөрүн элге жакындатуу максатында алардын сүрөттөрү жана өмүр баяны жазылган такталар коомдук жайларга илине баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов билдирди:
- Дарыканаларга, дүкөндөргө, айыл өкмөтүнүн имаратына, мектептин короосуна жана эл көп топтолгон жерлерге тескөөчүнүн сүрөтүн жана ал жөнүндө маалыматты, телефон номурларды иле баштадык.
Маалымат такталары Ысык-Ата районунда жана Токмок шаарында орнотулду. Жакында башка райондорго да коюлат.
Учурда облуста өспүрүмдөр менен иштеген 77 аймактык тескөөчү бар. (SE)